Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт

14 июня 2021 Кит жутуп алып кайра чыгарып салган балыкчынын азыркы кебетеси. Сүрөт

АКШда кит жутуп алган балыкчы аман калды. Бул тууралуу CBS Boston телеканалы жазып чыкты.

Шумдук окуяга Американын Провинстаун шаарынын тургуну Майкл Паккард кабылган. Ал Кейп-Код жарым аралында океанды жээктеп лобстер (деңиз рагы) уулап жүргөн.

Ага адегенде ири толкун болгону байкалган, анан эле караңгы болуп кеткен. Майкл адегенде акула жутуп алды деп ойлогон. Кийинчерээк киттин оозунда экенин билген. Жөн турбастан сүзүп, кыймылын уланткан. Бактысына алп жандык суунун бетине чыгып, оозундагыларын сыртка бүркүп, балыкчы океанга кулаган.

"Мен бошонуп, эркин болуп сүзүп кеттим. Өзүм да буга ишенген жокмун", — деген ал.

Жакын жердеги балыкчылар аны ооруканага жеткиришкен. Дарыгерлер Майклдын майда тамырлары гана жабыркаганын аныкташкан. Башка эч кандай олуттуу жаракат алган эмес, эч жери сынган да эмес.

Окумуштуулар мындай окуя сейрек кездешерин белгилешет. Алардын айтымында, кит демейде адамга коркунуч келтирбейт, болгону суудагы майда балыктар жана башка деңиз жандыктары менен тамактанып жатканда кишини да кокусунан жутуп алышы мүмкүн.


sputnik