“Өлгөнүнө 26 жыл болгон”: Тиктокерлер хайп үчүн мүрзө каза башташты (видео)

11 июня 2021 “Өлгөнүнө 26 жыл болгон”: Тиктокерлер хайп үчүн мүрзө каза башташты (видео)

Өзбекстанда жаш жигиттин кабырды казып, ачып жаткан видеосу тарады. “ТикТок” тиркемесинде пайда болгон элдин кыжырын келтирди, деп жазат upl.uz сайты.

ВИДЕО

Видеодо 1955-жылы туулуп, 1995-жылы каза болгон А.П. аттуу эркек кишинин кабырын казганы көрүнүп турат. Видеонун автору “26 жылдык кабырды” ача турганын айтат. Аны менен катар, ал кабырды ачып, анын ичинде эмне бар экенин көрсөтөрүн айтат. Ал экинчи видеону дагы бир аз убакттан кийин жүктөй турганын айткан.

Бул окуя кайсы жерде болгондугу тууралуу анык маалымат жок. Укук коргоо органдары бул окуя жөнүндө маалымат берише элек.