Жумакадыр Акенеевдин элесине арналган Бишкек экономикалык форуму

10 декабря 2018 Жумакадыр Акенеевдин элесине арналган Бишкек экономикалык форуму

Кыргыз Республикасынын президентинин апааратынын колдоосу астында “Пикир” Кыргызстандын регилоналдык серепчилер клубунун, “Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун жана Эл аралык “Альфа” атайын бөлүгүнүн ардагерлеринин ассоциациясынын демилгеси менен кыргызстандын борборунда Жумакдыр Акенеевдин элесине арналган ЕАЭБдин Бишкек экономикалык форуму болуп өттү.

Жумакадыр Акенеевдин жаркын элесине 

Баарынан мурда, жолугушуунун катышуучулары улуттук экономиканын бутка туруусуна жана өнүгүүсүнө, анын ичинде Кыргызстандын ЕАЭБге мүчө болуп кирүүсүнө Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти Жумакадыр Акенеевдин кошкон баа жеткис салымын белгиледи. Жумакадыр Акенеев республика бир эле Евразиялык экономикалык биримдиктин толук кандуу мүчөсү болуусунда эле эмес, анын экономикалык күн тартибине салым кошуп, жалпысынан евразиялык интеграциянын тереңдешинде маанилүү роль ойногон.

- Ушул күнгө чейин Жумакадыр Асанкулов биздин катарыбызда жок экендигине ишенбей келем. Андай адам болууну, ага теңелүүнү каалай элек. Эң акыркы күнүнө чейин ал маанилүү мамлекеттик экономикалык маселелер менен алектенип жүрдү. Ал бир эле ЕАЭБ өлкөлөрүнүн алдыңкы серепчилеринин бири эмес, чыныгы евразиялык адам эле, ал ушул интгерациялык биримдиктен чоң келечек күткөн. Ошондуктан, биздин форум бир эле Жумакадыр Акенеевди эскерүү эмес, ал иштеп жаткан маселелерди талкуулоо мүмкүнчүлүгү болуп саналат, - деп талкууну ачып жатып “Пикир” Кыргызстандын регилоналдык серепчилер клубунун тең төрагасы, саясат таануучу Игорь Шестаков белгиледи.

Андан ары Жумакадыр Акенеевдин уулу – Азамат сөз алды, ал дагы атасы сыяктуу Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү тармагында активдүү иштейт.

- Атам ар дайым коңшу өлкөлөр жана биздин тарыхый өнөктөштөр менен тыгыз кызматташтыкта гана Кыргызстандын өнүгүүсү, өнөр жайдын кайрадан жандануусу, биздин агрардык потенциалдын, экономиканын өнүгүшү мүмкүн деп эсептечү эле. Биздин коомдо интеграция маселеси боюнча ар түрдүү пикирлер бар, биз атам экөөбүз тез-тез көптөгөн маселелер боюнча талашып кетчү эле, ал ар дайым баары эле башта пландалгандай бардык учурда колдон келе бербестине, биздин жарандар үчүн, биздин өндүрүүчүлөр, ишкерлер, фермерлер үчүн белгилүү бир көйгөйлөр мурункудай эле сакталып турганына кейип кетчү, бирок ал ар дайым Биримдиктин башка өлкөлөрү сыяктуу Кыргызстан бирдиктүү экономикалык биримдикке мүчө болуп кирүү менен туура чечим кабыл алганына ишенчү, - деп айтып берди Азамат Акенеев.

“Евразиялыктар – жаңы толкун” фондунун президенти Юрий Ануфриевдин сөзү боюнча, Жумакадыр Акенеев менен Кыргызстан өзүнүн мыкты уулун, ал эми Орусия – ишенимдүү жана убакыт менен текшерилген досун жоготту.

- Жумакадыр Акенеев ак көңүл, чынчыл, кең пейил, өзүнүн Мекенинин чыныгы патриоту эле. Улуттук жана эл аралык аянтчаларда суроо-талапка ээ серепчи эле. Евразиялык интеграциянын тарапташы болуп туруп, Жумакадыр Асанкулович негиздүү жана ырааты менен Евразиялык экномикалык биримдикке Кыргызстан кошулуусу менен улуттук экономика кандай пайда табарын түшүндүрчү. Анын элеси түбөлүк сакталат, - деп белгиледи Юрий Ануфриев. 

Евразиялык интеграция: биримдиктин ичиндеги жана анын чегинен тышкаркы экономика     

Форум учурунда катышуучулар Евразиялык экономикалык биримдиктин ишинде Кыргызстан мүчө болгон учурдагы экономикалык жетишкендигин сөз кылышты. Мисалы, президенттин аппаратынын стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн жетекчиси Данияр Иманалиевдин сөзү боюнча, акыркы үч жылда республиканын экономикалык өнүгүүсү жети милдик кадам менен бара жатат. Өткөн жыл үчүн экономиканын өсүшү 4,6 пайызды түздү, ушул жылы божомолдор боюнча ал 3 пайызды түзөт.

- Мындай көрсөткүчтөр Кыргызстанды ЕАЭБ өлкөлөрүнүн арасында экономикалык өнүктүрүү планында лидер кылып жатат. Интеграция башталгандан кийин экономикалык биримдикке өнөктөш өлкөлөр менен товар айлантуу 32 пайыздан ашкан, ал эми экспорт 35 пайызды түздү. Кыргызстандык эмгек мигранттарынын абалы да акыркы жылдары жакшырган. Башкача айтканда, аталган биримдикке мүчө болуу өз убагындагы жана туура чечим болгон, - деп белгиледи президенттин аппаратынын өкүлү.   

Экономика илимдеринин доценти, Кыргыз экономикалык университетинин профессору, Кыргызстандын мурунку экономика министри Арзыбек Кожошев теманы улантып, ал интгерациянын пайдасы катары Кыргызстан ЕАЭБге киргенден кийинки акыркы үч жылда инфляциянын деңгээли төмөн болгонун белгиледи.

- Кыргызстан ЕАЭБге мүчө болгон үч жыл аралыгында инфляциянын деңгээли 5 пайыздан ашкан жок, бул жакшы көрсөткүч, товар айлантуунун өсүүсү да орточо 15 пайызды түзөт. Үч жылдык мезгилде текстиль-тигүүчүлүк өнөр жайдын көлөмүнүн өсүүсү байкалууда. Биз адаптациялык мезгилди жакшы өткөрдүк, жалпысынан республика ЕАЭБге мүчө болуу менен стратегиялык жактан ойлонуштурулган туура чечим кабыл алган деп айтууга болот, - деп белгиледи экономист.

Ал ортодо, Арзыбек Кожошевдин пикиринде, республиканын каталыгы Орусия менен Казакстандын гранттарына ишенүү болгон.

- Кыргызстан техникалык регланменттер боюнча маселелерди жеке бюджеттик каражаттардын эсебинен чечүү керек эле. 2012-жылдан баштап бюджеттен 200 миллион сомдон лабораторияларды кыруу үчүн бөлүү керек болчу, анда ЕАЭБге кирген учурда мындай көйгөйлөр болмок эмес. Жалпысынан бизге бул маселелерди чечүү 500 миллион сомго туура келмек, бирок биз адаттагыдай коңшуларга ишенип алдык, - деп белгиледи серепчи.

2018-жылы ЕАЭБдин чегинде кандай жетишкендиктерге ээ болгону жөнүндө өзүнүн баяндамасында саясат таануу илимдеринин кандидаты, Орусия илимдер академиясынын Е.М. Примаков атындагы Дүйнөлүк экономика жана эл аралык мамилелерди изилдөөнүн улуттук институнун Постсоветтик изилдөө борборунун сектор башчысы Елена Кузьмина айтып берди. Ал биримдиктин ичинде иш бардык тармактар боюнча жүргүзүлүп жатканын, бирок каалгандай тездик менен эмес, жай жүрүп жатат.

- 2018-жылы ЕАЭБ үчүн эмне жасалды? 2017-жылдын аягында транспорт боюнча жол картасы кабыл алынып, ал 2018-жылы активдүү ишке киргизилди. Биринчи кезекте, транспорттук инфра түзүмдүн координациясынын жана индустриялык-инновациялык инфра түзүмдүн объектилеринин маселеси. Транспорт боюнча 2020-жылга чейинки тиешелүү программа кабыл алынган. Мындан тышкары, такталган, кыйла реалдуу Бажы кодексин кабыл алдык, анда бажы формалдуулуктарын жеңилдете турган бир катар маанилүү жаңычылдыктар каралган. Бул өз кезегинде мамлекеттерге кыйла тез жана натыйжалуу иштөөгө мүмкүнчүлүк берди. Жалы бою бажы пошлиналарын төмөндөтүү боюнча дагы иш жүрүп жатты, - деп билдирди Елена Кузьмина.

Анын сөзү боюнча, эл аралык таануу планында дагы ЕАЭБ алдыга жылды. Ал негизинен дүйнөнүн экинчи экономикасы болгон Кытай менен преференцияланбаган соода-экономикалык макулдашуу түзүлгөнүнөн улам ишке ашты.

2018-жылдын маанилүү жетишкендиги, баяндамачынын сөзү боюнча, ЕАЭБдин алкагында финансы рыногунун чөйрөсүндө мыйзмады ыңгайлаштыруу жөнүндө макулдашууга кол коюлгандыгы болуп саналат. Бул биринчи кезекте – баалуу кагаздар жана камсыздандыруучу банктык кызматтар. Иш, албетте, аягына чыга эле. Финансы рыногу толугу менен 2025-жылы түзүлүп бүтүшү керек. Дагы бир катар документтерге декабрда кол коюлат.  

- Декабрда ЕАЭБдин Жогорку кеңешинде президенттер нефти жана газдын бирдиктүү рыногу боюнча бир катар документтерге кол коюшат. 2019-жылдын башында электр энергетиканын жалпы рыногу боюнча жана баалуу металлдардын жалпы рыногу боюнча документке кол коюлат. 2019-жылы эркин соода аймагы жөнүндө макулдашуу түзүлөт, ал бүгүнкү күндө Египет, Израиль, Индия, Сербия жана Сингапур менен соодалашууга даяр турат, - деп айтып берди Елена Кузьмина.

Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Кубат рахимов өз сөзүндө ЕАЭБди доллардан арылтуу тууралуу сөз кылды. Серепчи ЕАЭБдин алкагында бирдиктүү эсеп бирдиктерин киргизүү зарылдыгын белгиледи.

- Биздин евразия ичиндеги товар айлантуу 100 миллилард долларга чейинки сөүү тенденциясы менен 55 миллиард доллардан бир аз ашат. Ошондуктан, бизде ЕАЭБге котормо эсептик бирдикти киргизүүгө идеалдуу мүмкүнчүлүк бар. Ал үчүн техникалык мүмкүнчүлүктөр бар. Советтер союзунун тажрыйбасын колдонууга болот, ал 1964-жылы колдонууга “котормо рублду” киргизген, анан калса, бул иш Эл аралык валюталык фонд ишке киргизгенге чейин болгон. Азыр Орусия, Кытай жана Түркия өздөрүнүн алтын валюталык резервдеринде алтындын үлүшүн тездик менен өстүрүүдө. Биз буга саналариптик валюталар механизми аркылуу келишибиз мүмкүн. ЕАЭБ менен КМШ, Иран, КЭР, Вьетнамдын ортосундагы кол коюлган документти эске алып, буга КМШ өлкөлөрүн байланыштырууга болот, - деп белгиледи Кубат Рахимов.

Евразиялык экономикалык биримдик кыйла кеңири интеграциялык контурду түзүү борборлорунун бири болушу мүмкүн. Мындай оюн Белорусиялык серепчи Дмитрий Беляков сүйлөп жатып билдирди.

- ЕАЭБ өлкөлөрү Чоң Евразиялык өнөктөштүктү Кытай, Индия, пакистан, Иран, КМШ өлкөлөрү жана бир катар башка мамлекеттердин катышуусу менен түзүүгө аракет кылып жатат. ЕАЭБ мамлекеттери менен Кытайдын катышуусу менен баарын кучагына алган соода-экономикалык өнөктөштүгүн түзүү Чоң евразиялык өнөктөштүктү түзүүнүн биринчи кадамдарынан болот, - деп белгиледи белорусиялык экономист.

Интеграциянын гуманитардык тарабы

Мындан тышкары, боло турган иш-чаранын күн тартибине биримдиктин ичиндеги социалдык-гуманитардык, билим берүүчүлүк жана маалыматтык тартипти козгогон маселелер кошулган.

Экономикалык тутумунан тышкары социалдык-маданий деңгээлде интеграция жөнүндө маселе курч бойдон турат. Мындай жыйынтыкка Кыргызстан эл аралык университетинин кафедра башчысы, саясат таануучу Алина Молдокеева келген.

- Евразиялык кызматташтыктын алкагында өткөн расмий талкуулар адатта экономикалык мүнөздү алып жүрөт. ЕАЭБ интеграциясына арналган чоң чандагы иш-чаралар бир гана соода-экономикалык мамилелерди козгойт. Ошол эле учурда, өлкөлөрдүн жакындоосуна таасир эткен социалдык-маданий аспектилерге жана интеграция процессинде жаштарга анча чоң эмес роль бөлүнөт. Ал ортодо, жаштардын ролуна, жаштардык евразиялык уюмдарына улуттук органдар тарабынан жетишсиз көңүл бурулуусу, ошондой эле туура пропаганданын жоктугу келечекте терс жыйынтыктарга алып келиши мүмкүн, - деп эсептейт Алина Молдокеева.

Теманы улай, “Мекендештер гильдиясынын ассоциациясынын” төрагасы Станислав Епифанцев интеграция – бул биринчи кезекте адамдар жана адамдар менен элдин ортосундагы мамиле экендигин белгиледи. Анын сөзү боюнча, бүгүнкү күндө дээрлик бардык чыр-чатактардын тутумунда цивилизация, же баалуулук абдан так байкалып жатканын эске алганда, акыркы убактын чакырыктары мурунку советтик мейкиндикте интеграциялык долбоорлордун ролуна башкача кароого түртүп жатат.

- ЕАЭБ мейкиндиги – бул бир жоопкерчиликтин, менталдуулуктун, жалпы баалуулуктардын аянты. ЕАЭБдин форматындагы гуманитардык процесстердин өзү башка деңгээлдеги интеграция үчүн база болушу керек – экономикалык, саясий, коопсуздук маселелеринде. Ал эми бул үчүн гуманитардык чөйрө жана өзү кызматташтык матрицасына айланышы керек. Муну биргелешкен долбоорлор аркылуу жетишүүгө болот. Натыйжалуулук жагынан кыйла келечектүү болуп билим берүү чөйрөсүндөгү долбоорлор көрүнөт. Билимге салым жасоо узак мезгилдин аралыгында саясаттын жана экономиканын жетишилген жыйынтыгына кайрадан баа берүүгө мүмкүндүк берет. Биз буга Советтер Союзунун убагындагы долбоорлордун мисалында КМШ өлкөлөрүндө 27 жыл өткөндөн кийин байкоо жүргүзүп жатабыз. Бүгүн биздин башкы баалуулугубуз бул эл, эмгек ресурстары жана ошол ресурстардын сапаты экендигин так түшүнүп отурабыз, - деп белгиледи Станислав Епифанцев.

ЕАЭБдин маалыматтык күн тартибинин маселелери тууралуу “СОНАР 2050” аналитикалык долбоорунун шеф-редактору Семен Уралов өз сөзүндө айтып берди. Ал жаңы мезгил жаңылыктарды берүүнүн жаңы форматын талап кылат.

- Мамлекеттик жана мамлекеттик эмес, салттуу жана заманбап ЖМКлардын башкы милдети эстафетаны берүүдө болуп саналат. Алар жаңы муунга бизди советтик адамдарды бириктирген бүгүнкү күн тартибин бериши керек. “СОНАР 2050” азыр классикалык оор аналитиканы Y жана Z муунунун тилинде берүүгө аракет кылуунун үстүндө иштеп жатат, азыр аталган муун 10 мүнөттөн ашык ролик көрө алышпайт. Татаал нерсени жеңилдетилген нерсеге айландырууну билүү маанилүү. Эгер биз 3-5 жыл аралыгында жалпы менен байланыш каражатын түзө албасак, мунун натыйжалары жаман болот. Мен ЖМКлар жөнүндө айтып жатам, анткени алар иш жүзүндө экинчи планга өтүп калышты, жаңы жалпы менен байланыш каражаты керек, - деп белгиледи орусиялык медиа-серепчи.

Катышуучуларынын баасы боюнча иш-чара мамлекеттер аралык биримдиктин алкагында жаңы идеялардын жана сунуштардын өнүгүүсүнө түрткү берди.

Кыргыз Республикасынын “Пикир” регионалдык серепчилер клубунун маалымат-кызматы.  

Булак: http://pikir-klub.kg/sobytiya/1394-bishkekskiy-ekonomicheskiy-forum-pamyati-dzhumakadyra-akeneeva.html?fbclid=IwAR0Je_YJJ7bv3cTE-oQSYR93ydgHWeQXnzGcJTb4yyOrFXYz8Fx3ub7h7Xg