Окумуштуулар: аялдар – үй-бүлөдөгү проблемалардын башкы себепчиси

11 июня 2021 Окумуштуулар: аялдар – үй-бүлөдөгү проблемалардын башкы себепчиси

Турмушта мырзалар өтө сейрек проблема жаратат экен, ал эми аялдардын жини бат келгендиктен, көйгөй да ошончолук тез жаралык турат.

Американын жана Израилдин социологдору ири сурамжылоо жүргүзүп, аялдар өздөрүнүн жакындарына эркектерге караганда көп көйгөй жаратарын аныкташкан. Сурамжылоого жашы 20дан 70ке чейинки 1100 эркек жана аял катышкан. Алар үй-бүлүлүк, достук жана башка мамилелер жөнүндө суроолорго кеңири жооп беришкен.

Натыйжада проблемалардын 15% туугандар менен болгон мамиледен келип чыгарын аныкташкан. Андан сырткары, аялдар менен ата-энелер татаал, чечилбей көйгөйлөрдү жаратары белгилүү болгон. Достор жөнүндө айта турган болсок, көйгөйлөрдүн 7% достук мамиледен келип чыгат.

Мындан улам социологдор аялдардын карым-катышы, дос-туугандык мамилеси кеңири экенин белгилешет.