Сузакта экинчи аял алып той берген кишиге кылмыш иши козголду

11 июня 2021 Сузакта экинчи аял алып той берген кишиге кылмыш иши козголду

Жалал-Абаддын Сузак районунда экинчи аял алып, үлпөт тою интернетке тараган адамга кылмыш иш козголду. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматы кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Сузактын тургуну экинчи жубай алганы, тоюнда биринчи аялы балдары менен аларды куттуктап, бакыт каалады деген видео тараган.

Милиция бул фактыны тастыктап, Жазык кодексинин 179-беренеси ("Эки жана андан көп аял алуу") менен кылмыш ишин козгогону маалым болду.


sputnik