Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү

11 июня 2021 Мигранттар которгон акчанын көлөмү быйыл 15 жылдык рекорддон ашып түштү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында Кыргызстанга чет жактан 759,2 миллион доллар келип түштү. Бул туурасында Улуттук банк билдирди.

Кеп жеке жактардын акча которуу системасы аркылуу гана жөнөткөн каражаты тууралуу болууда.

Өткөн жылы ушул эле мезгилде 534 миллион доллар келип түшкөн.

Жыл башынан берки маалыматтар 2020-жылга карата көрсөтүлгөн:

  • январь — 151,5 миллион доллар (3 миллионго көп);
  • февраль — 177,1 миллион (12 миллионго көп);
  • март — 214,3 миллион (70,3 миллионго көп);
  • апрель — 216,3 миллион (139,9 миллионго көп).

Белгилей кетсек, былтыр пандемияга байланыштуу акча которуунун көлөмү кескин азайып кеткен. Мындай айырма апрель айында өтө чоң болгон. Азыркы тапта өнөктөш мамлекеттерде бир топ карантиндик чектөөлөр алынды.

Эгер азыркы статистиканы 2005-жылдан берки ушул эле мезгилдерге (январь-апрель) салыштыра турган болсок, быйыл рекорддук көрсөткүч болду. Буга чейин акча которуулардын эң жогорку чеги 2019-жылы катталып, 740 миллион долларды түзгөн.

Мигранттардын акчасы Кыргызстан үчүн аябай маанилүү. Ал болжол менен өлкөнүн ички дүң продукциясынын үчтөн бир бөлүгүн түзөт.


sputnik