Түптө суудан кызын куткарам деген киши кошо чөгүп кетти

11 июня 2021 Түптө суудан кызын куткарам деген киши кошо чөгүп кетти

Ысык-Көл облусунда көлгө чөккөн 10 жаштагы кызын куткарам деген 42 жаштагы киши кошо каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Окуя Түп районунун Балбай айылында болгон.

Жергиликтүү тургундар куткаруучулар жеткенге чейин кыз менен атасынын сөөгүн суудан алып чыгып, Тез жардам кызматына өткөрүп беришкен.


sputnik