Жаанчыл болобу? Дем алышка карата аба ырайы

11 июня 2021 Жаанчыл болобу? Дем алышка карата аба ырайы

Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.

Билдирмеге караганда, апта аягында көпчүлүк аймактарда күн күркүрөп, өткүн өтүшү ыктымал. Ордо калаада жаан себелеши мүмкүн.

12-июнда Чүй облусунда түнкүсүн жана күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Дыйканчылык аймактарда жаан жаабайт. Ал эми Талас облусунда күндүз өткүн өтүшү ыктымал.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында түнкүсүн тоолуу жерлерге жаан жаашы мүмкүн, ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык боло турганы айтылды. Күндүз өткүн өтөт.

Нарын менен Ысык-Көлдүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, тоолуу жерлерге кар түшүүсү ыктымал экени кошумчаланды.

13-июнь, жекшембиде, күндүз көпчүлүк облустарда жаан жаашы ыктымал. Анткен менен абанын температурасы төмөндөбөйт.

Бишкек шаарында 12-июнда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөшү божомолдонду. 13-июнда түнкүсүн өткүн өтсө, күндүз жаан себелеши мүмкүн.

sputnik