Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү башталды

11 июня 2021 Кыргызстанда жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү башталды

Кыргызстан жогорку ылдамдыктагы 5G интернетин ишке киргизүү алдында турат. Бул туурасында Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Өлкөнүн бардык аймактарын жогорку ылдамдыктагы жана жеткиликтүү интернет менен камсыздоо ведомствонун приоритеттүү багыттарынын бири экени айтылды.

"Учурда 4G байланышы өнүгүп жогорку чегине жете элек, бирок улуттук телекоммуникация тармагы байланыштын бешинчи мууну - 5G интернетин ишке киргизүү алдында турат. Жаңы технология маалымат алмашуудагы кыйынчылыктарды жоюуга, жасалма интеллектини киргизүүгө жана келечекте "акылдуу шаар", "акылдуу турак жай" долбоорлорун ишке ашырууга жардам берет. Ошондой эле өндүрүштүк процессти оптимизациялап, кеңсе, соода борбору жана башка социалдык, өндүрүштүк объектилердин ишин жеңилдетет", — деп айтылат маалыматта.

Министрлик 5G технологиясын киргизүүгө төмөнкүдөй иш-чаралар аткарылышы керектигин маалымдады:

  • Учурдагы радиоэлектрондук каражаттан келечектүү тилкелерди бошотуу иштерин жүргүзүү;
  • Технологияны сыноо үчүн бир шаарды тандоо жана 5G технологиясына кызыккан уюлдук байланыштар менен сынап көрүү;
  • Калкка сапаттуу интернет жеткирүү боюнча мониторинг жүргүзүү.



sputnik