КГК: "Кумтөр" компаниясы бир гана Кыргызстандын мыйзамдарына баш иет

11 июня 2021 КГК: "Кумтөр" компаниясы бир гана Кыргызстандын мыйзамдарына баш иет

"Кумтөр голд компани" (КГК) ЖЧКсы анын жападан жалгыз акционери болуп эсептелген канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы макулдашпастан, мыйзамсыз түрдө АКШда банкрот процедурасын жарыялаганын маалымдады.

Компаниядан өкмөт менен канадалык ишкананын ортосунда кат түрүндө бекитилген макулдашууга ылайык, Кыргызстандын мыйзамдарына таянуу менен ишмердүүлүгүн улантып жатканын билдиришти.

"Кумтөр голд компани" Centerra анын атынан банкрот процедурасын жарыялаганына тынчсызданып жатат. КГКнын маалыматына караганда, канадалык компания материалдарды сотко өткөрүп, кээ бир жеке жана юридикалык жактарга КГКнын атынан сүйлөөгө ыйгарым укук берүү менен ЖЧКнын уставдары менен Кыргызстандын мыйзамдарын бузду.

"Бул чечимдин юридикалык жактан күчү жок. КГК мындай чечимди Centerra Gold Inc. жоопкерчиликтен качуу менен КГКнын ишине коркунуч жаратуу максатында кабыл алган деп эсептейт", — дешти компаниядан.

Ошондой эле Кыргызстан суверендүү мамлекет болгондуктан АКШнын банкрот боюнча сотунун кабыл алган чечимдери иштебей турганы белгиленди.

КГК Кумтөр кенинин ишин камсыздоо үчүн товар жеткирип, кызмат көрсөткөн тараптарга убагында акчасын төлөп жатканы, мурдагыдай эле социалдык жоопкерчиликтерин аткарып, кызматкерлерге айлыгын берип жатканы белгиленди.


sputnik