Камера көтөргөн оператор жөө күлүктөрдөн озуп, таң калтырды. Вирустук видео

11 июня 2021 Камера көтөргөн оператор жөө күлүктөрдөн озуп, таң калтырды. Вирустук видео

Жүз метрлик аралыкка чуркаган спортчулардан ашып кеткен оператордун видеосу социалдык тармактарда жайылууда.

Окуя Кытайдын Шаньси провинциясында өткөн университеттердин арасындагы жеңил атлетика боюнча чемпионатта болгон. Видео TRT телеканалынын Facebook баракчасына жарыяланган.

Жакшы кадрларды алуу үчүн оператор жөө күлүктөр менен кошо чуркоону чечип, көрүп тургандарды таң калтырган. Видеодон көрүнүп тургандай, төрт килограммдык камерасын көтөргөн жигит спортчулардын алдына туруп чуркап, ылдамдыгын азайтпай марага чейин келген.

Ролик кеңири тарап, жигиттин күлүктүгүнө суктангандар көп болууда. Көпчүлүк жарышты дал ушул оператор утуп алды деген пикирде.

Пайдалануучулардын бири видеонун каарманы кийинкиде мелдешке кадимки спортчу катары чыгышы керектигин белгилеген.


sputnik