Бетке безетки чыкканда жыныстык катнаш жардам береби?

9 июня 2021 Бетке безетки чыкканда жыныстык катнаш жардам береби?

Ооба, жыныстык катнаштын болгону, анын туруктуулугу жакшы. Бирок, “ден соолук үчүн” деп шылтоолоп, жыныстык катнаш менен алектене берүү туура эмес. Анын такыр чече албай турган, пайдасына караганда зыяны көп учурлар бар.

Жыныстык катнаш беттеги безеткини кетирбейт

Эл арасында “хочунчик” аталып кеткен безетки тери астындагы майдын көбөйүп кетишинен пайда болот. Ал эми ага андроген гормонунун көбөйүп кетиши себепчи болот. Демек, жашы 30дан ашкан адамдын бетине безетки чыкса, ага жыныстык катнаш эмес, жакшы эндокринолог жардам берет.

Эркектин бел суусу бет терисинин аллергиясын пайда кылышы мүмкүн

Жыныстык катнаш учурунда бөлүнө турган суюктукту көбү жашарта турган касиети бар деп эсептешет. Бул аялдарга тиешелүү. Чындыгында эркектин бел суусунан жашарып кеткендерге караганда аллергиялык дерматитке чалдыккандар басымдуулук кылат.

Жыныстык катнаш картайтпайт

Бул да эң көп тараган пикир. Жыныстык катнашты адатта спорт машыгууга теңегендер бар. Бирок, эгер аял менен эркек бир-эки гана өздөрүнө жаккан позада жыныстык катнаш менен алектенсе, жай, чарчабай, бир калыпта кыймылдашса, андан эч кандай фигура сактай турган натыйжа болбойт. Ал үчүн кошулуунун санын көбөйтүп, позаларды ооштуруш керек. Ооба, жыныстык катнаштан адам семирип кетпейт. Бирок, ашыкча салмак таштайт деп ойлоо ката.

Стресс

Жыныстык катнаш адамдын стресске түшүүсүнүн алдын алат. Бирок, эгер адам ага чейин стрессте жүрсө, анда ага төшөк рахаты жардам бере албайт. Окумуштуулардын изилдөөсү боюнча, стрессте жүргөндөрдүн 80-90%нын жыныстык катнашка көңүлү чаппайт. Өтө эле аз бөлүгүндө төшөккө деген кумары болушу мүмкүн. Эгер сыгылып жүрүп, дене жыргалын сезе албаса, анда абалы кескин начарлап кетиши мүмкүн дейт окумуштуулар.