10 эм төрөгөн аял дүйнөлүк рекорд орнотту

9 июня 2021 10 эм төрөгөн аял дүйнөлүк рекорд орнотту

Түштүк Африка Республикасынын 37 жаштагы тургуну Госиаме Тамара жети уул, үч кызды дүйнөгө алып келип, рекорд орнотту. Буга чейин Малинин тургуну 9 баланы жарык дүйнөгө алып келген эле.

Түштүк Африканын Гаутенг провинциясынын тургуну Госиаме Тамара кош бойлуулугунун сегизинчи айында бошонгон. Дарыгерлер сегиз бала төрөлөт деп күтүшкөн. Себеби, буга чейин УЗИ алгач 6 баланы, андан кийин 8 баланы көрсөткөн. Натыйжада 7 уул жана 3 кыз дүйнөгө келген.

Балдардын атасы Тебохо Цотеди: “Мен алгач ишенген жокмун. Өзүмдү кудайдын сүйүктүү пендеси катары сезип жатам. Бул керемет да. УЗИден 8 баланы көрсөткөндө таң калдым эле. Мен эки, үч, төрт эм тууларын билчү элем. Мага болсо 7 уул, 3 кыз буйруду”, - дейт.

Госиаме Тамаранын боюна табигый жол менен бүтүп, кеварево аркылуу бошонгон. Эми балдар бир нече ай инкубатордо болушат.