Сүлүктүдө шахта урап, 20 жаштагы жигит көз жумду

9 июня 2021 Сүлүктүдө шахта урап, 20 жаштагы жигит көз жумду

Баткен облусунун Сүлүктү шаарында "Ас-Сүлүктү" ишканасынын шахтасы урап, бир адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, кырсык 8-июнь күнү саат 18:00дөр чамасында болгон. Каза болгон жигит 20 жашта экени айтылды.

"Мындан сырткары, 36 жаштагы киши жабыркаган. Анын абалы орто деп бааланып жатат. Куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп, шахтадан каза болгон жигиттин сөөгүн жана жабыркаган кишини чыгарып, тиешелүү кызматтарга өткөрүп беришкен", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерге ӨКМдин 11 куткаруучусу, Лейлек райондук башкармалыгынын ыкчам тобу, ИИМдин беш кызматкери, Тез жардамдын бир бригадасы жана 20 жергиликтүү тургун барган.


sputnik