Франциянын президенти Эммануэль Макронду өлкө ичиндеги иш сапарларынын биринде катардагы жаран жаакка чапты. Бул тууралуу BFMTV телеканалы кабарлады.
Окуя президент Дром аймагына барган учурда болгон. Кадрда көрүнүп тургандай, Макрон чогулуп турган элдин жанына барып, бир киши менен кол алышып учурашууга аракет кылат. Ошол учурда ал президентти колунан кармап туруп жаакка чабат. Жан сакчылар көз ирмемчелик убакытта президентти ары алып кетип, ага кол көтөргөн кишини кармашкан.
Көп өтпөй РИА Новости агенттигинин Dauphiné басылмасына шилтеме берип жазганына караганда, Эммануэль Макрон бул окуяга көңүл буруп, көбүртүп-жабыртуунун зарылдыгы жок экенин айткан.
"Мен эч нерседен кооптонгон жокмун, өз элим менен жолугушууларды уланта берем. Мындай эл чогулган жерлерде агрессивдүү адамдар дайым болуп келген. Муну көбүртүп-жабыртып, көңүл чордонунда кармабайлы. Алар буга татыктуу эмес. Андан көрө чындап элди бушайман кылган олуттуу көйгөйлөрдү сүйлөшүп, чечүү жолун издейли", — деди Макрон.
Маалыматка караганда, полиция президентке кол көтөргөн киши менен биргеликте дагы бир жаранды кармаган.