Айгүл Жапарова кошо кетти. Президент Түркияга кимдерди ала барды

9 июня 2021 Айгүл Жапарова кошо кетти. Президент Түркияга кимдерди ала барды

Президент Садыр Жапаровдун Түркияга болгон расмий сапары бүгүн башталды. Өлкө башчынын маалымат кызматы коштоп кеткендердин тизмесин жарыялады.

Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамы:

  • Кыргыз Республикасынын президентинин жубайы Айгүл Жапарова;
  • тышкы иштер министри Руслан Казакбаев;
  • президенттин администрациясынын жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетов;
  • министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров;
  • президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Дастан Дюшекеев;
  • Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Кубанычбек Өмүралиев;
  • инвестициялар министри Алмамбет Шыкмаматов;
  • саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев;
  • маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев;
  • коргоо министринин орун басары Алмазбек Карасартов;
  • айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Азамат Мукашев.


sputnik