УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

8 июня 2021 УКМКнын Бишкектеги башкармалыгынын мурдагы жетекчиси кармалды

УКМКнын Бишкек шаардык башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Нурлан Дүйшөкеев камакка алынды. Бул туурасында Биринчи май райондук сотунун маалымат кызматы билдирди.

Анын бөгөт чарасы 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилсин деп тандалган. Атайын кызматтын борбор калааны тескеген мурдагы жетекчиси коррупция беренеси менен айыпталууда. Азырынча ал кайсы ишке фигурант катары кармалганы белгисиз.


sputnik