Жети-Өгүздө жол кырсыгынан үч киши көз жумду. Үрөй учурган каргашанын сүрөтү

8 июня 2021 Жети-Өгүздө жол кырсыгынан үч киши көз жумду. Үрөй учурган каргашанын сүрөтү

Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда жеңил унаалар сүзүшүп, үч киши көз жумганын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жол кырсыгы бүгүн, 8-июнь күнү, таңда саат 4:30 чамасында Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол унаа жолунун 178-чакырымындагы Даркан айылы жакта болгон.

Анда Ауди С4 менен BMW 525 автоунаалары сүзүшкөн. Мунун кесепетинен биринчи унаадагы эки киши көз жумуп, бирөө жабыркаган. Экинчи автөкөлүктүн 21 жаштагы айдоочусу каза тапкан. Калгандарынын аты-жөнү, жашы такталууда.

Окуя болгон жерге төрт куткаруучу тартылып, каза болгондордун сөөгүн укук коргоо органдарына өткөрүп беришкен. Жабыркаган киши Тез жардам кызматы менен райондук ооруканага жеткирилгени айтылды.

sputnik