Ысыкта жолдо калбайын десеңиз... Автоунаа өчүп калбаш үчүн эмне кылуу керек

8 июня 2021 Ысыкта жолдо калбайын десеңиз... Автоунаа өчүп калбаш үчүн эмне кылуу керек

Аптапта автоунаа өчүп же ичиндегилер кыйналбаш үчүн алдын ала кондиционерге фреон каражатын коюп, моторду текшертип алуу керек. Бул тууралуу "360" телеканалына автоунаа боюнча адис Дмитрий Славнов айтып берди.

"Адам ысык күндөргө жеңил, ыңгайлуу кийим, күндөн коргоочу каражаттарды алгандай эле машинаны дагы атайын даярдаш керек. Мисалы, ал ысып кетпеш үчүн антифриздин деңгээлин текшерип туруу оң", — деди адис.

Ал эми айдоочу жана жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарт түзүү үчүн кондиционерге фреон куюу зарыл.

"Тетиктери кургап кетпеши үчүн кондиционерди кышкысын дагы маал-маалы менен бир нече мүнөткө иштетип туруу керек. Андыктан фреон кышы-жайы керектелчү каражат. Ошондой эле ысык учурда радиаторду бат-баттан жуудуруп турган оң. Анткени дал ушул тетик мотордун желдеп турушуна шарт түзөт. Жайында ага курт-кумурска, чаң, бак-дарактын бүрү жабышып бат кирдейт", — деди Славнов.

Сөзүнүн аягында адис негизи эле автоунааны улам текшертип, абалын билип туруу керек экенин кошумчалады.


sputnik