Зулушевге генерал-лейтенант наамына барабар болгон чин ыйгарылды

8 июня 2021 Зулушевге генерал-лейтенант наамына барабар болгон чин ыйгарылды

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев "Юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси" атайын чинине ээ болду.

Бул тууралуу көзөмөл органынын маалымат кызматынан билдиришти.

Мындай жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгону айтылат.

“Башкы прокурорго юстициянын II класстагы мамлекеттик кеңешчиси атайын чини ыйгарылды. Бул генерал-лейтенант наамына тете”, — деп айтылат билдирүүдө.

Зулушев Жогорку Кеңештин депутаты болгон. 2020-жылдын октябрь айында бийлик алмашкан соң Башкы прокурор болуп дайындалган. 


sputnik