Жыныстык катнаш эч убакта кинодогудай болбойт

7 июня 2021 Жыныстык катнаш эч убакта кинодогудай болбойт

Алоолонтуп от болуп жандырган, эстен тандырган төшөк рахатын элестетүүнүн баары романтикалык кинолордун таасиринен болот. Ал эми чынында жашоо ошондойбу? Андай эмес. Флорида ниверситетинде 25 жылдан ашык адамжын психологиясын изилдөө менен алектенген окумуштуу, сексолог Лори Минц өзүнүн китебинде төшөк катнашы тууралуу көптү адаштырган кеңири тараган 6 калп тууралуу жазган.

1-калп. Ойлобогон жерген башталып кеткен жыныстык катнаш

Кинодо мындай болот: көздөрү менен бири-бирин кумарлуу карап, кучактаса эле эстен танып, “чоң казат” башталып кетет. Баары күтпөгөн жерден башталып, рахаттын туу чркусуна чыгуу менен аяктайт. Мына ушундай кинолордун таасиринен чыга албагандар өзүнүн шеригинен да ушундай жыныстык катнашты күтөт, каалайт.

Ал эми сексологдор күтпөгөн жерден башталып кеткен жыныстык катнаш болбойт экенин айтат. Мисалы, аял атайын ажарын ачкан көйнөк, анын ичинен эркектин эсин тандырган ич кийим кийип, жыпар жыттуу атыр себинип кечеге барат. Аны, албетте, жигити тосуп алат. Кеченин соңу экөөнүн бир төшөктө “жалындашы” менен аяктайт. Бул күтүлбөгөн эмес, атайын даярдык көргөн жыныстык катнаш да, туурабы?

2-калп. “Чоң болсо...”

Эксперттер 3000ден ашуун аялга сурамжылоо жүргүзгөндө алардын бири да эркектин жыныс мүчөсүнүн көлөмү тууралуу айткан эмес. Алардын дээрлик баарында жыныстык катнаш канааттандыраарлык болгон. Башкача айтканда, натыйжасы маанилүү болгон.

3-калп. Оргазм эркек менен аялда бирдей болуш керек!

Бул да эротикалык тасмалардын таасири. Анда качан болбосун аял да, эркек да бирдей лаззат алуу менен аяктайт. Жашоодо андай эмес. Аялдардын көпчүлүгү оргазмды сезе алышпайт. Төшөк рахатын чогуу сезебиз дегенде бири-бирин аңдып, “иш” ойдогуда болбойт. Оргазм ар кимде ар кандай, бири эрте, бири кеч сезет. “Бирдей...” деген түшүнүктөн арылып, ар ким жыныстык катнаштан өз рахатын алганы маанилүү.

4-калп. “Узагыраак... Узагыраак...”

Жыныстык катнашты узартуу үүчн эркектин өзүн-өзү кармоосунун кажети жок. Эркектер орто эсеп менен 2,5 мүнөткө гана өзүн кармай алат. Айрымдар жыныстык кошулуу жарым саатка созулушу керек деп, өзүнөн керексиз аракеттерди талап кылат. Керемет төшөк катнашы – милдеттүү узак болушу керек эмес. Андай адамдар эротикалык тасмаларды көрүүдөн баш тартышы керек. Аялы менен кеңешип иш кылган дурус. Себеби, көпчүлүк аялдар жыныстык катнаш кыска болушун каалайт. Себеби, мазасын алып, жан жери ооруксунуп калат.

5-калп. “Оюнчуктарды” жалгыз бой аялдар ойнойт

Төшөк катнашына арналган “оюнчуктарды” көпчүлүк жалгыз бой аялдарга гана арналган деп ойлойт. Эркектер деги эле намыстанып кетишет. Деген менен, эркектерге да арналганы бар... Демек, колдоно билүү керек.

6-калп. “G” чекитин табуу керек...

“G” чекити кимдин касй жеринде экени белгисиз. Эгер аны тапса, аялды эстен тандырган рахатка бөлөөгө болот. Бирок, ал оңой эмес. Аны издегенче, аялга кандай поза жагарын сураган жакшы.