Мирзиёев талаага барып комбайн айдап, буудай чапты. Видео

7 июня 2021 Мирзиёев талаага барып комбайн айдап, буудай чапты. Видео

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Сурхандарья облусуна болгон иш сапарында комбайн айдап, дыйкандардын буудайын чабууга кол кабыш кылды.

Мирзиёев сапардын алкагында буудай жана пахта өстүрүү процесси менен таанышкан.

Коңшу өлкөнүн президенти 1981-жылы Ташкент инженердик ирригация жана айыл чарба механизациясы институтунда инженер-механик адистигин аяктаган.


sputnik