Мамлекет башчы Садыр Жапаровдун кортежи катышкан Ысык-Көлдөгү жол кырсыгы боюнча иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Ага ылайык, факт боюнча иш кырсык болгон күнү эле, 4-июнда, Жазык кодексинин 297-беренеси ("Жол кыймылынын жана автомототранспорт каражаттарын эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу") боюнча козголгон. Аталган ишти Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы иликтөөдө. Анын жыйынтыгы боюнча күнөөлүү делген тарапка юридикалык баа бериле турганы айтылды.
Кырсык 4-июнь күнү болгон. Кортеждеги автоунаа Ананьево айылына жакын жердеги жолдон каршы тилкеге чыгып кеткен автокөлүк менен кагышкан. Алдын ала маалымат боюнча, каршы тилкеге чыга калган унаанын айдоочусу мас болгон. Анын кесепетинен кортеждеги алты киши жабыркап, УКМКнын бир кызматкери каза тапкан.
Министрдин айтымында, жаракат алгандардын арасындагы УКМКнын 9-кызматынын жетекчиси да бар.