Кыргызстандык дарбазачылардын бардыгы коронавируска шектелип оюндан четтеди

7 июня 2021 Кыргызстандык дарбазачылардын бардыгы коронавируска шектелип оюндан четтеди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын машыктыруучулук штабы, администрация, оюнчу Бекжан Сагынбаев, дарбазачылар Эржан Токатаев, Кутман Кадырбеков жана Кашуба Валерий коронавируска шектелип оюндан четтетилди. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.

Мелдеш азыр Японияда өтүп, курама команда Монголия менен беттешет.

"Техникалык утулууга дуушар болуп калбаш үчүн дарбазачылар жок ойноого аргасызбыз. Ооруга шек жаратып жаткандар тууралуу беттешке аз убакыт калганда, эки саат мурун билдиришти. Командада бардыгынын тапшырган тести таза чыккан болчу", — деп айтылат маалыматта.

Шартка байланыштуу коргоочу позициясындагы Айзар Акматов дарбазачы болот.


sputnik