Чылымды таштаган кишинин организми кантип өзгөрөт

7 июня 2021 Чылымды таштаган кишинин организми кантип өзгөрөт

Адам чылымды таштаган соң бир нече мүнөттөн кийин эле организмде жакшы жакка өзгөрүүлөр байкала баштайт. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министринин орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Олег Салагайга шилтеме берип РИА Новости жазды.

"Акыркы изилдөөлөрдүн жыйынтыгына караганда, адам чылымды таштаары менен эле алгачкы мүнөттөрдө организмде оңолуу башталат. Бир жылдан кийин жүрөк-кан тамыр ооруларына чалдыгуу тобокелдиги 50 пайызга азаят. Ал эми беш жылдан кийин тамак жана ооз көңдөйүнүн рагына кабылуу коркунучу дагы 50 пайызга төмөндөйт", — деди адис.


sputnik