Адис кандай дарыгерден жаа бою качуу керектигин айтып берди

7 июня 2021 Адис кандай дарыгерден жаа бою качуу керектигин айтып берди

Жеке менчик медициналык борборлорго барганда дарыгерди кантип тандоо керектигин "Прайм" агенттигине маек берип жатып "Медицинадагы конфликтилерди жөнгө салуу борборунун" башкармалыгынын төрайымы Ирина Гриценко түшүндүрдү.

Адистин айтымында, жеке клиникага көрүнүүнү чечкен бейтап ал жердин лицензиясын карап, бул же тиги ооруну дарылоого тиешелүү органдардын уруксаты бары-жогун алдын ала билип алганы жакшы. Мурда тааныш болбосо же ишенимдүү адамдар сунуштабаган учурда адистин дипломун, сертификаттарын дагы суроого бейтаптын укугу бар.

Андан тышкары, Гриценко дарыгердин жүрүм-турумуна, сырткы көрүнүшүнө көңүл буруу керектигин айтат.

"Өзүн, кесибин жана бейтапты сыйлаган медик ар дайым таза жана тыкан кийинип жүрөт. Тырмактары өсүп кеткен дарыгер дагы бейтапты чочулатышы керек. Бейтаптын айтып жаткандарын кулак сыртында калтырган, сөзүн бөлгөн, жалаң өзү сүйлөй берген дарыгерден дагы коркуш керек", — деди Гриценко.

Ошондой эле ал комплекстүү текшербей туруп дары-дармек жазып койгон жана дарылоо процессин бейтап менен талкуулабаган ак халатчандарга жолобой эле койгон туура экенин кошумчалады.


sputnik