Автоунаанын ичин кондиционерсиз кантип муздатуу керек. Кеңеш

7 июня 2021 Автоунаанын ичин кондиционерсиз кантип муздатуу керек. Кеңеш

Автоунааны кондиционери жок муздатуунун натыйжалуу жолдору тууралуу Daily Express басылмасына эксперт ой бөлүштү.

Адистин айтымында, салонго күндүн кубаты менен иштеген чакан желдеткичтерди орнотсо болот.

Дагы бир ыкма — желдеткичтин тешигине жакын жерге нымдуу сүлгүнү байлап койсо, андан чыгып жаткан абаны муздатууга жардам берет.

Ошондой эле адис рулга жана жабдык тактасына (прибордук панель) чүпүрөк тыш каптап, терезелерди жаап айдап, автоунааны көлөкөгө токтотууну сунуш кылган.

Мындан тышкары, ысыктан сактануу үчүн муздак же муз тоңдурулган бөтөлкөнү салып алса болот. Адатта айдоочулар бөтөлкөгө сүлгүнү ороп моюн тушуна жаздап алышат. Бирок адис мындай ыкма ден соолукка зыян экенин айткан.


sputnik