Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты

7 июня 2021 Жашым өткөндө экинчи ирет турмушка чыгып жаңылдым. Кызматкер аялдын каты

“Психолог менен баарлашуу” рубрикасына балдары чоңойгондо экинчи ирет турмуш курган аял үй-бүлөлүк көйгөйлөрү менен кайрылган.

Саламатсыздарбы, мен үч баланын апасымын. Жолдошум балдар кичинекей кезинде эле каза болуп, күйөөдөн эрте калдым. Аларды чоңойтуп, жакшыраак тарбия берейин деп жүрүп билинбей убакыт өтүп кетиптир. Улуу балдарым студент. Кичүү кызым 5-класста окуйт. Азыр 45 жаштамын. Турмушка чыгуу тууралуу деле ойлонгон эмесмин. Бирок жашоомдо менден төрт жаш улуу адам капыстан пайда болду. Мурда чогуу иштегенбиз. Кийин бир жерден көрүшүп, жазышып жүрүп жакшы болуп кеттик. Келинчеги менен ажырашканына көп жыл болуптур. Балдары апасында экен. Көптөн бери жалгыз жашап жүргөн киши үч айга чейин сүйлөшкөндөн кийин колумду сурады. Балдарым ырас тартиптүү чыкты. Аларга турмушка чыгарымды айтсам көп деле каршы болушкан жок. Анын үстүнө ар бири өз жашоосу менен өзү болуп бара жаткан

Ошентип ал адам менен нике кыйдырып чогуу жашап калдык. Билимдүү, эл менен аралашкан, түшүнүктүү адамдай көрүндү. Кызымды өзүмдүн жаныма алып алгам. Мага, кызыма мээримин төгүп 2-3 ай жакшы жашадык. Андан кийин эле ар кимден кызганып, уруш чыгара баштады. Ушул курагымда турмушка чыкканымды баары уккан. Колу да тийген учурлар болду. Жашың өтүп тийгенге басып кете албайсың же бирөөгө барып арыздана албай жаман болот экенсиң. Балдарыма кантип айтам? Дагы бир аз убакыт көнгүчө жашап көрөйүн деп ойлоп жатам. Бирок андан коркуу сезими пайда боло баштады. Кеч боло электе кетип калсамбы же баары жакшы болуп кетеби? Айлам кетип психологго кат жазып көрүүнү туура көрдүм.

Психолог Саадат Сыдыкова:

—  Мында ажырашкан эркекке жолуккан үч балалуу жесир аялдын кадимки эле турмуштук окуясы жазылган. Бирге жашоого макул болордон мурда ал кишинин ажырашуу себебин билиши керек эле. Экинчиден, сизде жашы өтүп кеткендей сезим болбойбу? Анткени так ушул 45 жашта балдар чоңоюп, жеке жашоого көңүл бура турган учур келет. Ал эми ажырашуу тууралуу айта турган болсом, сиз психологго барышыңыз керек. Бул маселе мындай эле чечилип калбайт.

Көрдүңүзбү аз убакыт гана жакшы күйөө, мыкты атанын ролун ойной алган. Сиздер да аз эле сүйлөшүп баш кошупсуздар. Анан ал ашып кетсе эки-үч ай сыр бербей жүрүп, кийин чыныгы жүзүн көрсөтө баштаган экен. Мүмкүн мурдагы аялына да ушундай мамиле жасагандыктан эки башка жолго түшүшкөндүр. Же өткөн турмушунан алган жарааты бардыр же бул табиятынан ушундай адамдыр...

Аял киши мындай кырдаалда эмне кылуусу керек? Ажырашуунун эч кандай уяты жок. Болгону сизге бул адам керекпи же жокпу ошону жакшылап ойлонуп чечип алышыңыз керек. Эгер ал сизге керек болсо, эмне үчүн керек же жашооңуздагы кайсы жетишпестикти толуктап жаткандыгын талдап алганыңыз маанилүү. Балким, “эл эмне дейт” деп коркуп жаткандырсыз, анда ар кимден тартынып, коркуп чыдап күн кечирүү менен бактылуу болуп кете аласызбы? Баарын жакшылап ойлонуп көрүңүз. Турмушка чыгардан мурда ал кишинин ажырашкан себебин, эмнеге көпкө чейин үйлөнбөй жүргөндүгүн сурамжылоо керек эле. Мүмкүн андан кийин да башка аялдар менен мамилеси болгондур. Сиз болгону кооз жомокко ишенип алгансыз. Тилекке каршы, жомокто жашоого мүмкүн эмес. Адамдар өзү аракет кылмайынча эч качан өзгөрбөйт. Менин кеңешим эмнеге мындай зулумга чыдап, анын кылыктарын көтөрүп жүргөнүн түшүнүү үчүн алгач ичиңизде болуп жаткан процесстерди изилдеп чыгуу зарыл. Башкача айтканда, ар бир адам өзүнүн ички дүйнөсүн анализдеп, терапия жүргүзүүсү зарыл. Анан сөзсүз түрдө жыйынтык чыгарып, зулум күйөөдөн эмнеге кете албай, кандай максатта жашап жаткандыгы тууралуу тактап алганы оң.

sputnik