Европада эркек мугалимдер мектепке юпка кийип келишти

4 июня 2021 Европада эркек мугалимдер мектепке юпка кийип келишти

Испанияда 15 жаштагы Мигель Гомес сабакка юпка кийип келип, мектептен куулган. Ал гендердик теңдикти көрсөткүсү келген, бирок бул кадамы үчүн жазаланган.

Аны коргоо максатында агайлар менен окуучу балдар мектепке юпка кийип келип, сабак өтүшүп, #ClothesHaveNoGender (кийимдин жынысы жок) деген нараачылык акциясын уюштурушат. Ушул окуядан кийин Испаниянын кээ бир окуу жайларында гендердик теңдик сабактары окутула баштаган.