Сыр бербей... Полициянын унаасынан түшө качкан шектүүнүн видеосу

3 июня 2021 Сыр бербей... Полициянын унаасынан түшө качкан шектүүнүн видеосу

Россияда полициянын унаасынан качууга аракет кылган кишинин окуясы күбөлөрдүн видеосуна тартылып калды.

Кызыктуу окуя 31-майда Саранск шаарындагы Түндүк-Чыгыш шоссесинде болгонун РИА Новости жазды.

Колго түшкөн шектүү учурдан пайдаланып, аны алып бара жаткан полициянын унаасынан чыга качууга аракет жасаган. Бул учур артта келе жаткан унаанын видеорегистраторуна тартылып калган.

Эркек киши машинанын ичинен арткы эшигин ачып, акырын унаадан түшкөн. Колун чөнтөгүнө салып, көчөдөн  өтүп бараткан адамдай түр көрсөтүп басып кеткен.

Тартип коргоо органдарынын кызматкерлери муну дароо байкап, аны тез арада кармаган.


sputnik