Маршрутка айдоочулары бир жума бою ишке чыкпайбы? Мэриянын жообу

3 июня 2021 Маршрутка  айдоочулары бир жума бою ишке чыкпайбы? Мэриянын жообу

Бишкек мэриясы маршруткалардын айдоочулары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин жергиликтүү ЖМКлар айдоочулар бир жума бою ишке чыкпай турганын жазышкан.

Ал эми эртең маршруткалар ишке чыгабы деген суроого шаар жетекчилигинен “учурда айдоочулар менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат” деп жооп беришти.

Ал ортодо вице-мэр Русланбек Акылбеков КТРКнын эфиринде сүйлөп жатып, жүргүнчү ташуучулардын айрымдары иштөөгө даяр экенин айтты.

"Фирма жетекчилери менен жолукканда тариф маселеси сентябрь айында (акыркы мөөнөт) шаардык кеңештин жыйынында каралып, чечилет деп убада бердик. Алар айдоочулар менен сүйлөшүү үчүн кетиптир. Жакынкы сааттарда эртең канча маршрутка иштээри тууралуу так жооп беришет”, – деди Акылбеков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 2-июнда, Бишкекте бардык маршрутка айдоочулары ишке чыкпай, автобус, троллейбустар гана каттап жатат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кирени азыркыга чейин көтөрбөй жатканына нааразы. Буга чейин да алар иш таштап, жол кирени 10 сомдон 15 сомго кымбаттатууну талап кылышкан.

Мэрия  маршруткаларга жол кирени көтөрүү же ошол бойдон калтыруу маселеси сентябрь айында чечилерин билдирген.


sputnik