Колуна кишен салынып... Камалган Бабановду соттон алып чыккан видео

3 июня 2021 Колуна кишен салынып... Камалган Бабановду соттон алып чыккан видео

Экс-премьер-министр Өмүрбек Бабановдун бөгөт чарасы Биринчи май райондук сотунда тандалып, эки айга тергөө абагына киргизилди.

Ал бүгүн эртең менен саат 9:00дө сот залына алып келинген. Адвокаттары саясатчынын кармалышы боюнча мыйзам бузуу болгонуна даттанышкан. Бирок сот алардын өтүнүчүн четке каккан.

ВИДЕО

Бабанов УКМК тарабынан 31-май күнү "Кумтөр" боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кармалган. Ошол эле күнү Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров кармалып, эки айга камалган. Мындан сырткары, экс-депутаттар Талант Узакбаев менен Исхак Пирматов дагы эки айга тергөө абагына киргизилди.

Бардыгы тең "Кумтөр" иши боюнча коррупцияга шектелүүдө. 


sputnik