Бишкектеги ашканадан 22 киши тамакка ууланып ооруканага түшкөн

2 июня 2021 Бишкектеги ашканадан 22 киши тамакка ууланып ооруканага түшкөн

Бишкектин Москва көчөсүндө жайгашкан №1 Ашканасында адамдар массалык түрдө ууланып, 22 киши ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу маалыматты Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун бөлүм башчысы Махамат Мурзашев тастыктады.

Окуя 25-26-май күндөрү болуп, ар убакта тамактанган адамдар ууланган.

"Бейтаптардын бардыгы бризоль тамагын жегенин айтышты. Бишкектеги Чүй облустук бириктирилген ооруканага — 13, Токмоктогу ооруканага 9 киши түштү. Инфекциялык ооруканада коронавирус менен жаткандар болгондуктан уулангандарды убактылуу кабыл ала албайт", — деди Мурзашев.

Тамактануучу жай текшерүү бүткүчө жабылып, администрациясына 15 миң сом айып салынган. Ошондой эле уулануунун козгогучун аныктаган изилдөө жүрүүдө.


sputnik