Алмазбек Бейшеналиев президенттин жарлыгы менен жаңы кызматка дайындалды

2 июня 2021 Алмазбек Бейшеналиев президенттин жарлыгы менен жаңы кызматка дайындалды

Алмазбек Бейшеналиев Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров кол койду.

Президенттин башка жарлыгы менен Данияр Мукашев Щвейцариядагы, Лихтенштейндеги, Сан-Маринодогу элчи кызматынан жана Кыргызстандын Женева шаарындагы БУУдагы жана башка эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү кызматынан бошотулган.

Эске салсак, өкмөт министрлер кабинети болуп өзгөргөндөн кийин жаңы дайындооолор болуп, билим берүү жана илим министри болуп турган Алмазбек Бейшеналиевдин ордун Болотбек Купешев ээлеген.


sputnik