Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын иш ташташы боюнча үн катты

2 июня 2021 Бишкек мэриясы маршрутка айдоочуларынын иш ташташы боюнча үн катты

Бишкек мэриясы борбор калаада жүргүнчү ташыган микроавтобус айдоочуларынын ишке чыкпай коюшу боюнча үн катты.

"Бир нече күн мурда мэрияга жүргүнчүлөрдү ташыган фирмалардын жетекчилери кайрылып, чакан автобустар ишке чыкпай коюшу мүмкүн экенин кабарлашкан. Анткени муниципалитет келишимди аткарбаган фирмалар менен кызматташууну токтотуп кое алат. Бул фирма жетекчилерине эч бир пайда алып келбейт. Кечээ кечинде айдоочулар толугу менен иштей турганы кабарланган. Эртең мененки саат бештен бери мэриянын транспорт жаатына жооп берген бөлүмдөрү фирма жана айдоочулар менен сүйлөшүп жатат", — деп айтылат мэриянын билдирүүсүндө.

Айдоочулардын иш ташташы

Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок. Эскерте кетсек, ушул жылдын 18-январында да 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.

1-июнь күнү муниципалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.

Ошол эле күнү социалдык тармактарда маршрутка айдоочулары кайрадан иш таштай тургандыгы тууралуу маалыматтар тараган.

sputnik