Ынтымакта бололу! Мэрия "Жолдон ала кет" акциясын демилгеледи

2 июня 2021 Ынтымакта бололу! Мэрия "Жолдон ала кет" акциясын демилгеледи

Бишкек мэриясы "Жолдон ала кет" акциясын баштоону демилгеледи. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан билдиришти.

"Айдоочулар аялдамаларда коомдук транспортту күтүп турган шаардыктарды жана шаар конокторун ала кетсин деп жатабыз. Кандай гана кырдаал жаралбасын, шаар тургундары бири-бирин колдой турганын, ынтымагыбыз бекем экенин көрсөтүшүбүз керек", — дешти мэриядан.


sputnik