ЖОЖдордо абитуриенттерди кабыл алуу качан башталат? Министрликтин жообу

2 июня 2021 ЖОЖдордо абитуриенттерди кабыл алуу качан башталат? Министрликтин жообу

Кыргызстанда бүтүрүүчүлөрдү жогорку окуу жайларга кабыл алуу сынагы 12-июлда башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Билдирмеге караганда, кабыл алуу сынагы үч турдан турат.

"1-тур 12-июлда башталып, 14-июлда саат 14:00дө аяктайт. 15-июлда саат 10:00гө чейин "Абитуриент online" автоматташтырылган маалыматтык системасына кабыл алууга сунушталган абитуриенттердин тизмеси чыгарылат. Сынактан өткөн абитуриент үч күндүк мөөнөттө (17-июлда саат 17:00гө чейин) тандап алган адистиги боюнча окуй турганын тастыкташы керек. Эгер тастыктабаса, орун бош деп эсептелип калат", — деп айтылат маалыматта.

Окуу жайда бош орундар болгон учурда 2-тур өткөрүлөт. Ал 19-24-июлга чейин созулат. Ал эми 3-тур Билим берүү жана илим министрлигинин уруксаты менен 26-31-июль күндөрү боло турганы айтылды.

Белгилей кетсек, былтыртан тарта бүтүрүүчүлөр жогорку жана кесиптик орто окуу жайларга онлайн түрүндө тапшырып келет. Бул үчүн министрлик атайын "Абитуриент Online" деп аталган автоматташтырылган маалыматтык система иштеп чыккан.

sputnik