Маршруткалар ишке чыкпай Бишкекте кайрадан тыгын жаралды

2 июня 2021 Маршруткалар ишке чыкпай Бишкекте кайрадан тыгын жаралды

Бишкекте эртең менентен баштап жолдогу машиналардын көптүгүнөн тыгын жаралууда. Жүргүнчү ташыган микроавтобустар бүгүн жумушка чыккан жок.

Автобустар менен троллейбустарда киши көп экени айтылууда. Такси кызматтары менен байланышуу мүмкүн болбой жатканын айтып тургундар нааразы болуп жатышат. Маршрутка айдоочулары мэрия менен шаардык кеңеш жол кире акысын жогорулатпай койгону үчүн иш ташташты.

Эскерте кетсек, 18-январь күнү 400 маршрутканын айдоочусу тариф саясатын кайра карап чыгуу талабы менен иш ташташкан. Андан кийин үч вариант иштелип чыгып, мэрия апрелдин соңунда шаардыктардын кароосуна сунуштаган.

Кечээ муницпалитет жол кирени көбөйтүү шаардык кеңештин депутаттары чогулгандан кийин гана карала турганын билдирген болчу. Депутаттар 11-июлда кайра шайланмай болгондуктан азырынча борбор калаада эл өкүлдөрү жок.


sputnik