Адашып чакырышты окшойт... Депутат Момбековдун УКМКга келген видеосу

1 июня 2021 Адашып чакырышты окшойт... Депутат Момбековдун УКМКга келген видеосу

Жогорку Кеңештин депутаты Рыскелди Момбеков дагы УКМКга сурак бергени келди. 

Эл өкүлү УКМКга чакырылганына таң калып жатканын айтты.

ВИДЕО

"Мени адашып чакырып алыштыбы деп жатам. Кумтөр боюнча мен бир дагы ишке аралашкан эмесмин. 2003-2009-жылдары аталган кен боюнча эки мамлекеттик комиссиянын мүчөсү болгом. Мүмкүн ошонун негизинде чакырып жатышкандыр. Күбө катары суроолорубуз бар деп айтышкан", — деди Момбеков.

Ал ошондой эле комиссиянын мүчөсү болуп турган кезде анын корутундусуна макул болбостон өзгөчө пикирин жазганын белгиледи.

Буга чейин УКМКга экс-депутат Максат Сабиров дагы Кумтөр маселеси боюнча суракка чакырылганы маалым болгон.


sputnik