Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнө Орхан Инандыны табууну тапшырды

1 июня 2021 Садыр Жапаров күч түзүмдөрүнө Орхан Инандыны табууну тапшырды

Мамлекет башчы Садыр Жапаров Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны табууга кошумча күч тартууну тапшырды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдирди.

Буга чейин борбор калаада "Сапат" лицейин түзүүчүлөрүнүн бири Орхан Инанды дайынсыз болуп жатканы кабарланган.

"Садыр Жапаров УКМК менен ИИМге Кыргызстандын жараны Орхан Инандыны табуу үчүн ыкчам тергөө амалдарын күчөтүү менен издөө ишине кошумча күч тартууну тапшырды", — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, милицияга 1-июндун таңында, саат 04:20да Бишкектеги 12-кичи райондон Lexus 470 автоунаасы табылгандыгы, эшиги бекитилбей жана ичи бош экенин кабарлаган билдирүү түшкөн.

Ал жерден Ю. К. аттуу жаран атасы И. О. аттуу адам ушул автоунаа менен жүргөндүгүн айтып арыз жазган. Акыркы ирет ал кечээ, 31-майда, болжол менен саат 18:00дө байланышка чыккан.

"Себат" билим берүү мекемеси 2017-жылы "Сапат" деп атын өзгөрткөн. Анда аталган мекеменин түзүүчүлөрү Кыргызстандын үч жараны — Майрамбек Жумалиев, Жолдошали Көчкөнбаев, Орхан Инанды жана министрлик экени маалымдалган.


sputnik