Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдеште төрт медаль утушту

1 июня 2021 Кыргызстандык балбан кыздар Түркиядагы мелдеште төрт медаль утушту

Түркияда өткөн эл аралык мелдеште кыздар күрөшү боюнча Кыргызстандын жаштар курама командасы төрт медаль жеңди. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.

Champions 2021 XXIII эл аралык мелдеши 28-30-май күндөрү Стамбул (Түркия) шаарында өткөн.

Калмира Билимбекова (57 килограмм) жана Сезим Жуманазарова (59 килограмм) күмүш медаль тагынышты. Ал эми Айжан Сабырбек кызы (53 килограмм) менен Бермет Нуридин кызы (57 кг) мелдеште үчүнчү орунду ээлешти.

Белгилей кетсек, курама команда Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттикке караштуу Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан жөнөтүлгөн. Спортчуларды башкы машыктыруучу Үсөнаалы Рыскулов жетектеп барды.


sputnik