Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Видео

1 июня 2021 Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров эки айга камалды. Видео

Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров сот чечими менен 31-июлга чейин УКМКнын тергөө абагында камакта калтырылды. Мындай чечимди бир нече мүнөт мурда Биринчи май райондук соту чыгарды.

Алар бүгүн, 31-майда, суракка чакырылып, андан соң кармалган. Ал эми сот депутаттардын бөгөт чарасын тандап, аларды 31-июлга чейин камакта калтыруу чечимин чыгарган.

Алар "Кумтөр" иши боюнча Жазык кодексинин 319-беренесинин ("Коррупция") негизинде шектелип жатат.

“2021-жылдын 31-майында бир катар тергөө амалдары жүргүзүлгөндөн кийин, Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүгүндө ("Коррупция") каралган кылмышка шектүү деген билдирүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары А.Жээнбеков менен Т.Зулпукаровго тапшырылган”, — деп билдиришти УКМКдан.

ВИДЕО

Асылбек Жээнбеков экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууган иниси. Зулпукаров экөө үзөңгүлөш, дос экени маалым. Асылбек Жээнбеков ЖКнын V чакырылышында парламенттин төрагасы, ал эми Зулпукаров вице-спикер болуп турган.  


sputnik