"Биз түбөлүк союздашпыз". Садыр Жапаров Путин менен жолугушуусу жөнүндө пикирин билдирди

31 мая 2021 "Биз түбөлүк союздашпыз". Садыр Жапаров Путин менен жолугушуусу жөнүндө пикирин билдирди

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Россия 1 телеканалына берген маегинде Россиянын лидери Владимир Путин менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча комментарий берди.

Жапаров Кыргызстан менен Россия ар дайым түбөлүк союздаш жана экономикалык өнөктөш болуп кала берерин айтты.

“Россия үчүн, Владимир Владимирович Путин үчүн Кыргызстандын тагдыры кайдыгер эмес. Биз түбөлүк союздаштарыбыз жана соода-экономикалык өнөктөштөрүбүз, ошондуктан биринчи кезекте биз Кыргызстандын мындан аркы өнүгүүсүн талкууладык. Жалпысынан жолугушуубуздун жыйынтыгына абдан кубандым », - деди ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров 24-25-май күндөрү Россияга (Сочи) иш сапары менен барган.

mediaplov.asia