Мурдагы айыл чарба министри Мурашев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

31 мая 2021 Мурдагы айыл чарба министри Мурашев Жогорку Кеңешке депутат болуп келди

Мурдагы айыл чарба министри Нурбек Мурашев Жогорку Кеңештин депутаты мандатын алды. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Ал "Бир Бол" партиясынын тизмеси менен парламентке келип жатат. Өткөн жумада Мурашевдин партиялашы Исхак Пирматов мандатын тапшырып кеткен. Андан соң БШК тизме боюнча кийинки катарда турган талапкер Мурашевге мандат берди.

Белгилей кетсек, Нурбек Мурашев айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп турган кезде ага карата бир топ сын айтылган. 2018-жылы дыйкандар картошкасын беш сомго дагы сата албай калып, ошол кездеги президент Сооронбай Жээнбеков аны зекиген. Министрлик картошканын баасы көтөрүлөт дегени менен олуттуу жылыш болгон эмес. 2019-жылдын башында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы министрдин иш бөлмөсүнө чириген картошка алып барып, эмне үчүн бул жашылчанын баасы көтөрүлбөй жатканын сураган. Кийинчерээк ошол кездеги премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев министрге "мындан ары чириген картошка кабинетке келбесин" деген талап коюп, эскертүү берген.

Бизнес жана базарлар ассоциациясы Мурашевге "Кара көлөч" антисыйлыгын ыйгарган. Ага мындай сыйлыкты тапшырууга Кыргызстандагы ишкерлер арасындагы сурамжылоонун жыйынтыгы жана картошка экспорттолбой,  арзандап кетиши негиз болгон.

Акыры 2019-жылдын 24-майында өз ыктыяры кызматтан кетүүгө арыз жазган. Мунун себебин элдин сыны жана ден соолугуна байланыштырган.


sputnik