31 мая 2021
Барнаул шаарында батут жарылып кетип, анда ойноп жаткан балдардын бир нечеси алысыраак аралыкта жайгашкан трамвай рельсине барып түшкөн. Бул туурасында "Известия" жазды.
Тергөөчүлөр кырсыкты териштирүү үчүн окуя болгон жерге чыгып кеткен.
Социалдык тармактын аталган аймактагы колдонуучуларынын жазганына караганда, окуя соода борборунун жанына орнотулган батутта болгон. Ал жарылып, күү менен тышка ыргыткандыктан секирип ойноп жаткан балдардын арасынан төрт жаштагы эки кичинекей кыз бир нече аралыктагы трамвайдын рельсине барып түшкөн.
Алтай аймагынын Саламаттык сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, кичинекейлер Барнаулдагы ооруканага жеткирилген. Медиктер алардын абалы оор экенин билдирген.