31 мая 2021
Өлкө башчы Садыр Жапаров буга чейин экс-президент Сооронбай Жээнбеков демилгелеген "ИИМдин Ички аскерлеринин аталышын өзгөртүү жөнүндөгү" жарлыгын жокко чыгарды. Тийиштүү документке мамлекет башчы 2021-жылдын 8-майында кол койгон.
Ага ылайык, экс-президент демилгени 2019-жылдын октябрь айында көтөргөнү менен ишке ашпай токтоп калган.
Аталышты өзгөртүү жарлыгы ИИМдин Ички аскерлеринин тарыхый аталышын сактоо максатына байланыштуу дагы жокко чыгарылды.
Жарлык расмий жарыяланган күндөн тарта күчүнө кирет.