Мүрзөдөн өлтүрөбүз. Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткандар кармалды

31 мая 2021 Мүрзөдөн өлтүрөбүз. Нарында карыяны коркутуп, видеого тарткандар кармалды

Нарында аксакалды өлтүрөбүз деп коркутуп, видеого тарткандар кармалды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин социалдык тармактарда автоунаанын ичиндеги эки кишинин "колу-бутун байлап, талаадан, мүрзөдөн өлтүрөбүз" деп карыяны коркуткан видеосу тараган. Маалым болгондой, окуя Кочкор районунда болгон.

"Аталган факт Кочкор РИИБи тарабынан каттоого алынып, ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө видеону тарткандардын ким экени такталып, кармалган. Азыркы учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы учурда тергөө иштери жүрүп жаткандыктан жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат кийинчерээк бериле турганын кабарлады.


sputnik