Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялады

28 мая 2021 Аскер прокуратурасы Тимур Файзиевге издөө жарыялады

Аскер прокуратурасы Elite House курулуш компаниясынын жетекчиси Тимур Файзиевге издөө жарыялады. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Файзиев Бишкектин аймагынан жер алууда коррупциялык иштерге аралашкан деп шектелүүдө. Мындан тышкары, курулуш иштерин мыйзамсыз жүргүзгөн деп дагы айыпталып жатат.

Кечээ, 27-майда, Биринчи май райондук соту Тимур Файзиевдин бөгөт чарасын карап, аны №1 тергөө абагына киргизүү чечимин чыгарган. Учурда анын кайсы жерде жүргөнү белгисиз.


sputnik