ТЕСТ: Мындай аялдар эркектин айтканын аткарышат

28 мая 2021 ТЕСТ: Мындай аялдар эркектин айтканын аткарышат

Аялдын темпераментин бутуна карап билүүгө болот. Ар бир эле адамдын сырткы келбетине карап мүнөздөмө берүүгө болорун психологдор айтып келишет. Бул материал эркектерге эле эмес, аялдарга да кызыктуу болот. Андыктан, аялдардын бутуна назар салып көрөлү.

Ал үчүн эки бутту бири-бирине тийгизип туруу керек. Ошондо ортосунда калган ачык жерди карап, төмөнкүдөй типтерге бөлүүгө болот.

А тиби

А тибине кирген аялдардын бутунун балтыры менен санынын ортосундагы ажырым бир аз гана болот. Ачык бойдон томуктун тушу гана калат. Мындай буттун ээлери эркектердин баарын өзүнө карата алган керемет жандар. Булар токтоо, назик, мүнөзү жумшак, уяң, эркектерди өзүнүн тиреги катары көрүшөт. Эч качан эркектен озунуп, демилге көтөрбөйт. Өзүндөгү назиктикти жоготпойт. Жанындагы жолдошу өзүн чыныгы эркек сезет. Төшөктө да жакшы жагын көрсөтүшөт. Эгер мындай аялдар депрессияга кабылса, узак убакыт бою айыга албайт. Ушунусу менен эркекти өзүнөн алысталып алат. Өзгөчө төшөк катнашына келгенде...

В тиби

Бутунун учун бириктирип турганда томугунун тушу гана кошулуп турса, мындай аялдар эркектерди тартып турган магнит сыяктуу. Негизинен сымбаттуу келишет, бирок бутунун ортосу ачык, тизелери тийишпей турат. Кайраттуу жана эксперимент жасоого даяр, күйөөсүнүн көңүлүн эч убакта калтырбайт. Капа болуу булар үчүн эмес. Ар дайым баарынын эле колунан келе бербеген ишти баштап жүргөн болот. Жыныстык катнашта да ошондой. Кайталанма позалардан көңүлү тез калат. Төшөктөн да түрдүү рахат алганды жактырат.

С тиби

Бутун бириктирип турганда, сандары тийишип, бирок тизелери тийбей турат. Булар жыныстык катнашты бала төрөө же эркектин алдындагы милдети катары гана санаган көңүлсүз жандар. Жыныстык катнаштан рахат алууга болоруна ишенбей турган аялдар. Алардын оюнча, жыныстык катнаш эркектерге гана керек, ал эми аял ага “макул болууга” милдеттүү. Эгер төшөктө мындай аялдын оюндагысын тапса, рахаттын туу чокусуна чыгарары бышык.

D тиби

Тизе менен томуктун тушу гана тийишип, башка жердин баары ачык турса, мындай аялдарды эркектер көңүлчөктөрдүн катарына кошот. Булар төшөктө да эркин боло бербейт, бирок шеригинин оюн колдоп, аткарууга даяр. Эркектердин көбүнө ушундай аялдар жагат.