Төшөктө аялыңызды көндүрө албай жүрөсүзбү? Анын амалы бар...

26 мая 2021 Төшөктө аялыңызды көндүрө албай жүрөсүзбү? Анын амалы бар...

Жубайлар ортосунда жыныстык катнаштан келип чыккан уруштун таасири башкаларга караганда оор болот. Себеби, башка проблемалардын башталышы да дал ушул төшөк маселесинен келип чыгат. Ошондуктан, эң биринчи төшөктөгү маселени чечип алуу керек. Өзгөчө ушул кеңеш эркектер үчүн маанилүү.

Жыныстык катнашта аялдар көбүрөөк эркелейт. Демек, маселени ошол жактан баштап чечүү керек. Такыр ээрибей турган, баласын шылтоолоп, жанына жакын жолоткусу келбеген аялдарды да көндүрүп алууга болот. Ал үчүн төмөндөгү 5 кеңеш төшөккө жатканда эстен чыкпашы керек.

  1. Урушпаңыз!

Кандай абал болбосун, күнөөлүү болсоңуз да, болбосоңуз да урушуунун кереги жок. Кечирип, дароо кечирим сурай салыңыз. Аялдын табияты ушундай, жылуу сөзгө бат ээрийт. Ошондуктан, урушуп кеткен күнү аркасынан кучактап жатыңыз. Мейли, колуңузду силкип, алып таштай берсе да, катуу кучактап алыңыз, денеңиз менен жылуулук тартуулап, аймалаңыз. Бирок, ҮН ЧЫГАРЫП СҮЙЛӨШҮҮЧҮ БОЛБОҢУЗ. Кайра жаңжал чыгып кетиши мүмкүн.

  1. Жардам керек!

Өзгөчө психологиялык кеңеш. Ортоңуздарда узак убакыт бою интимдик жакындык болбосо, анда экөөңүзгө тең адистин жардамы керек. Мындайда мурунку көңүл калуулар, түшүнбөстүктөр түгөйлөрдүн ортосуна туруп алат. Ошону жок кылуу үчүн психологдун жардамы керек. Эгер аялдын гана жини келип, андан улам жакындашкысы келбей жүрсө, бул маселени да психологго айтып көрүңүз.

  1. Ден соолугун сураңыз!

Көпчүлүк эркектер аялынын ден соолугуна маани бербейт. Анын төшөк оюнунан эмнеге баш тартып жатканын түшүнгүсү келбей, аны өзгө жактан издеп кеткендер бар. Мындай кадам аялга эки эсе сокку урат. Эгер чын эле ооруп жүрсө, дарылангысы да келбей калат. Ошондуктан, аялдын маанайын байкап, ден соолугун сурап, аны өз убагында дарыгерге алып барып, дарылатууга убакыт табыңыз.

  1. Сүйлөшүңүз!

Акыркы жолу аялыңыз менен качан сүйлөштүңүз эле? Бул суроо 30-40 жаштагы түгөйлөргө тиешелүү. Анткени, ушул мезгилде көп жубайлардын ортосу сууп, бири-бирине айта турган сөзү түгөнүп, акыры ажырашууга алып келет. Анын негизги себеби төшөктөн башталат. Андыктан, аялыңыз менен сүйлөшүңүз, кызыктуу тема табыңыз. Андан кийин аялыңыз баарына көңүп берет.

  1. Романтиканы унутуп калган жоксузбу?

Аялдар өмүр бою романтиканы сүйүп өтүшөт. Жаратылышы ошондой. Ошондуктан, аялга романтика тартуулап турган эркектер эч качан утулбайт. Жамгырлуу күнү кол чатыр же унаа менен шаар айланыңыздар. Даталуу күнү ага белек бериңиз. Эң негизгиси – ар бир балаңыздын туулган күнүндө белек берүүнү унутпаңыз. Себеби, туулган күн балаңыздыкы болгон менен, анын түйшүгүн тарткан ошол жубайыңыз.

Кыскасы, аялыңызга тийиштүү көңүл бурбасаңыз, андан бир нерсе күтүп кереги жок. Аял тыйын салса, иштей бере турган автомат эмес. Ошондуктан, ага адамдай мамиле кылыңыз. Ошондо төшөгүңүз жылуу, кучагыңыз ысык, көңүлүңүз шат болот.